«Бухгалтердик эсеп жана салык» ПЦКсында конок лекция.

2024-04-24 08:36:52 97

2024-жылдын 24-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинин «Бухгалтердик эсеп жана салык» ПЦКсынын бөлүм башчысы Ы.А. Маманова тарабынан уюштурулган «Салыктык, финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» темасында конок лекция өткөрүлдү. Конок лекцияга Тренер: Молдокулова Башарат Жолдошовна – Бишкек Мамлекеттик университетинин “Экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп” кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, 3 китептин, 50 дон ашуун илимий макалалардын автору, 70 тен ашуун сертификаттардын ээси, Кыргыз республикасынын Улуттук банкынын Финансылык сабаттуулук боюнча сертификатталган тренери, бизнес – пландаштыруу жана ишкердүүлүк боюнча тренер, консультант, «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фондунун Генералдык директорунун орун басары келип, кызыктуу лекция өтүлдү. Жыйынтыгында мугалимдер жана студенттер пайдалууу маалымат алып, көптөгөн суроолорго жооп алышты.