ФжБи ПЦКда ачык сабак өтүлдү

2024-05-07 05:51:33 85

2024-жылдын 26-апрель күнү 15:00дө “Финансы жана банк иши” ПЦКнын окутуучусу Каримова Гульмира Алимжановна “Каржы, акча жүгүртүү жана кредит” дисциплинасынан “Дүйнөлүк валюта системасынын эволюциясы”деген темада ФКК11-1-23 тайпасына ачык семинардык сабак өттү. Ачык сабакка ФЮКтун окуу-усулдук жооптуусу, э.и.к. Ж.К.Райимбердиева, ПЦКсынын окутуучулары Карабаева Т, Анарбай кызы А, Таабалдиева Г, Турдукулова Индира эжекелер катышышты. Ачык сабак өтө жогорку денгээлде, жаңы методдорду колдонуу менен өтүлүп, сабак максатына жетти. Г.А. Каримова эжекеге бекем ден–соолук, иштерине чоң-чоң ийгиликтерди каалайбыз.