ФжБи ПЦКда конок лекция өтүлдү

2024-05-07 09:14:48 85

Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары О.Абдрахманов жана Ч.Муратова тарабынан 29.03.2024 күнү ФКК11-1-22, ФКК11-2-22 (р), БДК11-1-22 тайпаларына Менеджмент дисциплинасынан “Инновациялык менеджмент” темасы боюнча конок лекция уюштурулду. Конок лекцияда Бизнес жана менеджмент факультетинин Менеджмент жана маркетинг кафедрасынын башчысы э.и.к., доцент Т.Талайбек уулу болду. Лектор тарабынан башкаруудагы заманбап технологиялар боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен коштолду.