Финансы жана банк иши ПЦКда конок лекция

2024-05-17 10:33:16 167

Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары Ч.Муратова, Л.Байдусенова жана И. Турдукуловалар тарабынан 16.05.2024 күнү ФКК11-1-23, ЭБК11-1-23, ЭБК11-2-23, БДК11-1-23, ННК11-1-23 тайпаларына ишканалардын экономикасы дисциплинасынан “Ишканадагы тобокелдер, аларды алдын алуу жана камсыздандыруу ” темасы боюнча конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны бизнес жана менеджмент факультетинин ишканалардын экономикасы жана башкаруу кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович өтүп берди. Лектор тарабынан ишканалардын экономикасын башкаруудагы инновациялык ишмердүүлүктөр, ишкананын инвестициялык саясаты, өлкөдөгү камсыздандыруу ишмердигинин багыттары, электр энергиясын өндүрүү жана сатуу, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өз ара мамилелерин жакшыртуу технологиялары боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен коштолду.