2024-05-17 11:23:05 194
Үстүбүздөгү жылдын 13-16-май күндөрү ОшМУнун финансы-юридикалык коллежинде мамлекеттик тил мыйзамдарынын, жарнама мыйзамынын ишке ашырылышы, иш кагаздарын мамлекеттик тилде туура түзүү жана жүргүзүү, студенттердин тил билүү деңгээлдерин аныктоо үчүн мониторинг, коллеждин сайттары жөнүндө маалымат, «Сабаттуу бол» акциясынын негизинде жат жазуу жана окуу имаратындагы көрнөк - жарнактардын абалы боюнча атайын эстеткич менен ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору п.и.к., доцент Шарипова Мастурахан Сайпидиновна баштаган комиссия курамы текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия мүчөлөрү тарабынан сунуштар берилип, коллеждеги көрнөк жарнактардын абалы жакшы экендиги баса белгиленди. Ал эми ФЮКтун административдик кеңешинин мүчөлөрүнүн жазган жат жазуусунун жыйынтыгында финансы жана банк иши бөлүмүнүн башчысы э.и.к., доцент Абдрахманов Оёнбек Эмиловичтин жазуусу «5» эң жакшы деген баага татыктуу болду.