“Физика математика областында орто кесиптик сапаттуу билим берүү – ОшМУнун өнүгүү перспективасынын бир бутагы”

2024-05-20 03:14:18 183

Ош Мамлекеттик университетинин 85 жылдыгына карата Финансы-юридикалык колледждин Физика, математика ПЦКсында 2024 - жылдын 24 - апрелинде “Физика математика областында орто кесиптик сапаттуу билим берүү – ОшМУнун өнүгүү перспективасынын бир бутагы” аталышындагы илим жумалыгына арналган иш-чаранын өткөрүлдү. Иш чараны ФЮКтун директору э.и.к., доцент Исаков Нургаазы Жолболдуевич, ФМ ПЦКнын төрайымы ф.-м.и.к., доцент Г.А.Калдыбаева ачып беришти. Иш чарада “Физика, математикалык - акыл таймашы” болуп өттү. Таймаш II этаптан туруп, I этапта студенттердин арасындагы акыл таймашы, II этапта “Физика медицинада” - деген темада Төлөнова Мадина Тс1-9-23 – тайпасынын студенти, “Ядролук физика” - деген темада Карагулов Бексултан Укик1-23-тайпасынын студенти, физика предмети боюнча доклад окушту. “Жаш инженер” аталышындагы студенттердин өз колдору менен жасалган макеттердин презентациясы, “Математика – биздин жашообузда” деген темада стенгазеталардын конкурсу болду. Таймашта калыстар тобунун төрайымы Кадырова А, мүчөлөрү Кожобекова У, Абдылдаева А. Ыманов У агай-эжекелер оюндун жүрүшүн көзөмөлдөп, жеңүүчүлөрдү аныктап беришти. Жеңүүчүлөр грамота, дипломдор менен сыйланышты. Илимий жумалык катышуучуларга жемиштүү болду.