2024-05-23 12:38:34 151
Финансы-юридикалык коллежинин иш планына ылайык кезектеги кесипке багыт берүү иштери Өзгөн районунун А. Төлөнов атындагы №19 орто мектеби, К.Ботобекова атындагы №4 орто мектеби, М.Тешебаев атындагы №68 орто мектеби жана П. Жакыпов атындагы № 65 орто мектептеринде болду. Мектеп окуучуларына университет, коллеж, окутулуп жаткан адистиктер боюнча жана окуучунун жекече кызыгуусуна, шыгына, коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн талаптарына ылайык кесип тандап алууга багыт берүүчү маалыматтар айтылды. Кесипке багыт берүү иштери финансы жана банк иши ПЦКнын төрайымы, э.и.к Ч.К. Муратова, окутуучу Г.Каримова жана укук таануу жана укук коргоо иши бөлүмүнүн ПЦК төрайымы, т.и.к Н.А. Сатылгановалар тарабынан уюштурулду.