ФЮКтун студенттери колледждер аралык өткөрүлгөн мелдеште.

2024-05-27 05:26:43 349

2024-жылдын 29-май Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата"Милдет, Намыс, Ата-Мекен" аттуу мелдеш ОшМУнун колледждер (STEM,КМОП,ИПК,ФЮК) арасында өткөрүлдү. Мелдеште пневматикалык мылтык жана пистолеттен ок атуу,турниктен тартынуу, АК-74 автоматтын толук эмес чачуу жана чогултуу, салтанаттуу жүрүш жана ыр менен өтүү боюнча жарышышты. Жыйынтыгында ФЮКтун студенттери 1-орунду ээледи. Мелдештин максаты: коллеждер арасында достукту чыңдоо, студенттердин ата-мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн даңктоо! Мелдешке ФЮКтан 6 группа жана окуутучулардан ИПКнын Социалдык иштер жана АЧД циклынын камдагы подполковниги Ж. Самидинов жана камдагы майор К.Бакиров катышышты.