2024-05-27 06:14:31 101
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров «2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу» Жарлыкка ылайык, 23-май күнү окутуучуларга жана студенттерге арналган “Нарктуу жаран-улуттун жүзү” аталышындагы иш- чараны Ош МУнун Финансы –юридикалык колледжинин “Бухгалтердик эсеп жана салык салуу” бөлүмүнүн окутуучулары Атантаев Т.Ө., Маманова Ы.А. тарабынан уюштурулду. Иш-чаранын башкы коногу Ош шаарынын ардактуу казысы Сарыбаев Убайдулла ажы болду. Жыйынтыгында Улуттук нарк — элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү катары маалымат берилип, нарктуу кыргыз маданятын калыптандыруу, үй-бүлөдө, коомдук жайларда, ишканаларда, мекемелерде, “Нарктуу жүрүм-турумду , калыптандырууну, үйрөнө алышты жана студенттер пайдалуу, көптөгөн суроолорго жооп алышты.