Ата-энелер чогулушу.

2024-05-29 05:34:59 72

ФБИ ПЦКнын окутуучусу Анарбай кызы Айпери ФКК-1-23 куратордук тайпасы менен биргеликте “Баланды жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр” аталышындагы темада ата-энелер чогулушун өткөрдү. Чогулушту окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Тойчубекова Г.К. ачып берди. Ата-энелерге тема боюнча доклад-презентация көрсөтүлдү жана балдарынын ар бир окуган дисциплинасынан жетишкендиктери, жүрүм-туруму, коомдук маданий иш чараларга катышуусу боюнча маалыматтар берилди. Жыйынтыгында ата-энелер колледжде балдар үчүн аябай жакшы шарттар түзүлгөндүгүн, окуу кааналарындагы жетишкендиктерди баса белгилеп ыраазычылыктарын айтышты.