2024-05-29 05:45:09 457
2024-жылдын 28-майында физика, математика ПЦКсынын окутуучусу Кадырова Асалкан жаш окутуучуларга насаатчылык максатында геометрия предметинен "Айлануу телолорунун элементтерин аныктоо,бетинин аянтын,көлөмдөрүн эсептөө" деген темада ачык практикалык-лобораториялык сабак өттү.Сабак жаш окутуучуларга методикалык жардам көрсөтүү максатында түрдүү усулдарды колдонуу менен өтүлдү. Өзүн -өзү баалоо,билимдерди системалаштыруу жалпылоо, кайталоо жолдору көрсөтүлдү. Сабакка төмөндөгү окутуучулар катышышты. Калдыбаева Гүлжамал, Абдылдаева Айгүл, Кожобекова Уулжан,Усманова Наргиза,Абдумиталипова Зейнура,Сулайман кызы Барчын,Тойчуева Айгерим,Бакалбай кызы Гүлина,Билал кызы Динара.Окутуучулар ой-пикирлерин билдиришип, ыраазычылыктарын айтышты