Финансы-юридикалык колледжинин Теология бөлүмүнүн 1-курсунун кыздарына

2024-05-31 04:18:29 58

2024-жылдын 30-май күнү Финансы-юридикалык колледжинин Теология бөлүмүнүн 1-курсунун кыздарына Сулайман кызы Барчын жана Бакалабай кызы Гулина "Кыз адеби кымбат" -деген темада иш-чара өтүштү. Иш-чарада кыздардын кийинүү адеби, коомдук жайларда өздөрүн алып жүрүү адеби, тамактануудагы адеби, окуу-жайда өзүн алып жүрүү адеби боюнча маалыматтарды беришип насаат сөздөрүн айтышты. Иш чаранын жүрүшүндө студент кыздар суроолоруна жооп алышты. Жыйынтыгында коомду тарбиялоодо аял затынын орду чоң экендигин түшүнүштү.