Кесипке багыт берүү иштери уланууда.

2024-05-31 08:22:15 128

Финансы жана банк иши ПЦКнын окутуучулары кезектеги кесипке багыт берүү иштери менен Алай районундагы Кадырмамат уулу Абдразак атындагы мектеп интернаты, М.Адышев жана Т. Отунчиев мектептеринде болушту. Мектеп окуучуларына университет, коллеж, окутулуп жаткан адистиктер боюнча маалыматтар айтылды. Кесипке багыт берүү иштерине финансы жана банк иши ПЦКнын төрайымы, э.и.к Ч.К. Муратова, окутуучулар Г.Каримова, Г.Таабалдиева, Анарбай кызы Айпери катышты.