Юридика багытындагы кыргыз тили - бүгүнкү күндө...

2024-06-20 20:03:36 115

Бүгүн, 2024-жылдын 20-июнунда финансылык-юридикалык коллежинин кыргыз тили жана адабияты, манас таануу циклынын окутуучулары окуу жайлар арасында өткөн "Жогорку окуу жайларда, колледждерде юриспруденция адистиктеринде кыргыз тилин инновациялык, заманбап технологиялар менен окутуу" аталыштагы кереге кенешке жигердүү катышышты. Жыйынтыгында, Гулзат Төлөнова, Мурзаим Айтиевалар ыраазычылык кат менен сыйланышты. Кереге кенеш Ош МУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Сайпидиновна тарабынан уюштурулуп, түштүк аймактардагы окуу жайлардан коноктор келишти.