2024-10-12 04:53:04 53
Финансы жана банк иши болумундо 7-октябрь күнү атайын адистештирилген дисциплиналар боюнча, Финансы жана банк иши адистиктеринде окуган бүтүрүүчү агымдар үчүн "Бүгүнкү студент - эртеңки адис" деген темада конок лекция болду. Лекцияны “Айыл” Банкынын Кара-Суу филиалынын директору Маткаримова Назгүл Тургуналиевна жана бухгалтери Бакиров Уларбек Жусупович өттү. Лекцияда учурдун талабына жооп берген заманбап, банк жана башка уюмдарда иштөөчү мыкты адис болуу учун, кантип даярданып, кантип билим алуу керек экендиги тууралуу, суроо- жооптор жүргүзүлүп, кенен маалыматтар берилди. Конок лекциянын уюштуруучулары ФБИ болумунун окутуучулары Муратова Ч., Таабалдиева Г., Сооронбек к Т., Карабаева Т.,. Лекциянын аягында студенттер Айыл банкы жана банк системасы боюнча өздөрү кызыккан суроолорду беришип, так жоопторду алышты.