Кызыл Ай” коомунун өкүлдөрү –ФЮКта…

2024-10-12 04:58:54 45

ОшМУнун, Финансы-юридикалык колледжинин студенттери үчүн Кызыл Ай коому тарабынан алгачкы жардам көрсөтүү боюнча мастер классты студенттерге маалымат берүү максатында өткөрүлдү. Бүгүнкү иш чарада студенттерге бири-бирине кайрымдуу болууга, кыйын учурларда жардам берүүгө, бирөөнүн укугун тебелеп, жеке адамдык баалуулуктарды унутпоого чакырган маалыматтарды берди. Мындан сырткары Кыргызстандагы Кызыл Ай коомунун жалпы ишмердүүлүгү, максаты жана аткарган иштери тууралуу айтылды. Колледждин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Г.К.Тойчубекова тарабынан Кызыл Ай коомунун өкүлдөрүнө бүгүнкү жолугушууну уюштуруп, студенттерге багыттоо иш чара өткөрүп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди жана коомдун 4 негизги багыт: саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана кесепеттерин жоюу, калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүү, уюштуруучулук өнүгүү жана эл аралык байланыштар боюнча маалымат кошумчаланды.