2024-10-12 05:01:22 34
"Тазалык-ыймандын жарымы” демекчи 14-сентябрда “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин аймагында массалык ишембилик өткөрүлдү. Ага ФЮКтун 1-курсунун студенттери жана тайпа кураторлору менен биргеликте 170тен ашуун адам катышты. Саат 9.00до башталган ишембилик 2саат уланып, жыйынтыгында Сулайман-Тоо аймагынын 70%дан ашыгы тазаланып, 1 жүк ташуучу унаадан ашык таштанды чыгарылды. Бул ишембилик биз үчүн өзүнчө бир майрамдай туюлду. Жалпы жаштарды өз үйлөрүн эле эмес, а мекенин да таза кармоого чакырып,тарбиялоо иштерин да кошо ишке ашырдык.