2024-10-12 05:04:50 60
ФЮКтун 1-курстарынын кыздары ИДН кызматкерлери менен маек курушту. Жолдо жүрүү эрежелери жана азыркы убактагы жаштар арасында болуп жаткан кырдаалдар туурасында маалымат беришип, студенттердин окуу жайдын ичиндеги жана коомдук жайлардагы жүрүм-туруму жана тартип бузган кездеги жоопкерчиликтери тууралуу маалымат берилди. Катышкан студенттер маалымат менен таанышкандыгын тастыктаган каттоо баракчалары толтурулду. Жолугушуу, ФЮКтун тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.К. Тойчубекова жана кыздар кеңешинин төрайымы А.Шарип кызынын жетекчилиги астында болду.