2024-10-21 06:23:40 30
Бүгүн 14-октябрь күнү кезектеги куратордук саат Сулайман - Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде болуп өттү. Анткени дал ушул күнү 1924-жылы 14-октябрь күнү РСФСРдин чечими менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Бүгүнкү куратордук сааттын максаты: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы – бул бүгүнкү заманбап Кыргыз мамлекетинин 100 жылдыгы экендигин, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү менен байланышкан тарыхый окуялар кыргыз элинин тарыхындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышын тастыктаган эң маанилүү дата болуп сакталаарын студенттерге жеткирүү. Студенттерге элибиздин туруктуу аймактык, экономикалык жана маданий жактан жалпы биригүүсүнө өбөлгө түзгөн, социалдык-экономикалык кайра түзүү жана элди бирдиктүү бир улутка бириктирүү процесстерин тездеткен жана өнүгүүсүнө салым кошкон тарыхтагы инсандар тураалуу маалыматтар, архивдик документтер жеринде көрсөтүлдү. Сулайман тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы эң чоң музейлердин бири. Учурда музейдин коллекциясында 35 миңге жакын археологиялык жана этнографиялык, кол өнөрчүлүк, сүрөт, скульптура жана графика объектилери бар. Бүгүнкү куратордук саат БДК11-1-23 тайпасынын куратору Ч.К. Муратова тарабынан уюштурулду.