Мезгил талабы, кызыкдар тараптар жана мугалимдин орду

2024-10-22 08:47:01 39

ФЮКтун директору, э.и.к. Н. Исаков бардык бөлүмдөр менен өзүнчө жолугушуу өткөрүп, “ Мезгил талабы, кызыкдар тараптар жана мугалимдин орду” темасында окутуучулар менен пикир алмашып, сунуштарын укту. Андан сырткары окутуучунун эффективдүүлүк индикатордук көрсөткүчтөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча макулдашуулар болду. Ошондой эле эмгек тартибин сактоо, кураторлук тайпалар менен активдүү иш алып баруу, сабак өтүүдө чыгармачылык менен ыңгайлуу ыкмаларды колдонуп, ар бир тармак боюнча өзгөрүүлөр тез болуп жаткандыктан отурумдарда сабак өтүүнүн методикасын талкуулоо, кызыкдар тараптардын сунуш, пикирлерин эске алууну, КР Министирлер кабинетинин № 383 – токтомун ишке ашырууга активдүү катышуу зарылдыгын белгиледи.