2024-10-25 11:06:43 29
2024-жылдын 22- октябрында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү аялдардын орду, кечээ, бүгүн, эртең” аталышындагы масштабдуу форум болуп өттү. Форумга мамлекеттик кызматта из калтырган лидер, маданиятка эмгеги сиңген, илимде жана ишкерликте ийгилик жараткан айымдар, баатыр энелер жана студент кыздар чакырылып, муундар жана кесиптерди айкалыштырган маанилүү ойлор айтылды. Аталган иш чарага финансы- юридикалык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А., окутуучулар: Тулкуева В.,Таабалдиева Г., Анарбай кызы А., Назарбекова О., Абдираимова Б., Жоробай кызы Т., Матмусаева М. жана студент кыздары катышып келишти. Окутуучу Тулкуева Венера баатыр эне катары чакырылды.