ФБИ бөлүмүндө мастер – класс өткөрүлдү.

2024-11-02 04:18:37 23

2024-жылдын 11-ноябрь күнү КРнын Министрлер Кабинетине караштуу малекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетектөөчү адиси Икрам кызы Уулча банк иши жана финансы агымынын студенттерине мастер-класс өтүп берди. Мастер - класста Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамага кенен токтолуп, башкаруу документтерин даярдоо жана тариздөө, электрондук документтерди каттоо тартиби жана алардын аткарылышын уюштуруу, кадрдык документтер, санариптик документтер менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтылды. Бүтүрүүчү курстун студенттерине Мамлекеттик кадр кызматы, кадрлар резерви жөнүндө, кесипкөй мамлекеттик кызматтын үзгүлтүксүздүгүн, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматка квалификациялуу кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматчылардын өз милдеттерин натыйжалуу жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн стимулдарды түзүү, мамлекеттик кызматты башкаруу боюнча институционалдык чараларды күчөтүү максатында аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтарды берди. Бүгүнкү мастер – класс окутуучу Ч.К.Муратова тарабынан уюштурулду.