2024-11-02 04:24:37 28
Финансы жана банк иши бѳлүмүнүн окутуучусу Г.Тургунбекова тарабынан 30.10.2024 күнү 316-аудиторияда саат 15:00, ФКР-3-24, тайпасына экономикага киришүү дисциплинасынан “Ишкердик долбоор” темасы боюнча конок лекция уюштурулду. Конок лекцияны бизнес жана менеджмент факультетинин финансы жана банк иши кафедрасынын улук окутуучусу Абдурасулова Жибек Жамшитбековна өтүп берди. Лектор тарабынан ишкердик долбоордун структурасы жана ишке ашырылышы боюнча кызыктуу маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен коштолду.