2024-11-06 04:08:38 29
2024 жылдын 28 октябрь күнү STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүмүнүн география предметинин окутуучулары Абдылакимова Г., Сыдык кызы Ы., Мисирова Н. тарабынан уюштурулган «Акыл таймаш» интеллектуалдык оюнунда алгач КР гимни ырдалып, финансы-юридикалык колледжинин директору, э.и.к. доцент Н. Ж. Исаков ачып берди. 1 орунга Укук коргоо адистигинен түзүлгөн «Илимпоздор» командасы женишке жетишип, ал эми экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинен түзүлгөн «Эратосфен» командасы 2-орунга жетишти. Ошондой эле 3- орунду укук таануу адистигинен түзүлгөн «Глобус» командасы жетишти. Жыйынтыгында, ФЮКтун Окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматали уулу А. жана STEM инновациялык колледжинин профессионалдык дисциплиналар бөлүм башчысы г.и.к доцент Б. С. Сатыбалдиев тарабыдан дипломдор, ыраазычылык каттар берилди. Салык жана салык салуу, банк иши адистиктеринен катышкан студенттерге да ыраазычылык каттар берилди.