2024-11-19 04:26:19 24
11-ноябрь күнү Ош шаарындагы Айыл Банк ААКнын операциялык кирешелер бөлүмүнүн башчысы Ырысалиев Алманбет Ырысбековичтин чакыруусу менен банк иши агымынын бүтүрүүчү курстарына воркшоп форматында семинардык сабак болду. Сабакта конкреттүү көндүмдөрдү үйрөнүүдө максаттуу аудиторияны тартуу, уникалдуу стратегияны иштеп чыгууларга катышуу, мессенжер жана социалдык тармактар сыяктуу байланыш каналдарындагы маалыматтарды талдап чыгууну, бириктирүүнү талап кылаарын жана маркетинг инструменттери боюнча билимдерди бышыктоо зарыл экендиги айтылды. Банктын бардык бөлүмдөрү менен тааныштырып, кызыккан студенттер операциялык бөлүмдө жана офис менеджердин кызмат ордунда Алманбет Ырысбековичтин көзөмөлүндө операцияларды аткарып көрүштү. Бөлүм башчы бүгүнкү күндө кассага 4 (төрт) ваканция орун бар экендигин, кызыккан студенттер резюме калтырса боло тургандыгын айтып өттү. Жыйынтыгында 2 (эки) студент жеринде резюме калтырышты. Бул сабак ФжБИ ПЦКнын окутуучусу Ч.К. Муратова тарабынан уюштурулду.