ФБИ бөлүмүнүн окутуучулары эл аралык конференцияга катышышты

2024-11-19 04:28:08 22

14-ноябрь күнү Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Эл аралык экономикалык интеграциянын шартында Кыргыз Республикасынын региондорунун өнүгүшүнүн заманбап тенденциялары” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга ФжБИ ПЦКнын окутуучулары Абдрахманов О.Э., Муратова Ч.К., Сооронбек кызы Толкунай катышышты. Анда окутуучулар “Инвестициялык саясаттын калыптануусунда жана өнүгүүсүндө санариптик экономиканын ролу” аттуу илимий доклад менен баяндама жасашты. Конференциянын жүрүшүндө экономикалык интеграциянын шартында Кыргыз Республикасынын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктары, мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланды. Конференциянын жыйынтыгында окутуучулар сертификаттарга ээ болушту. (Пленардык отурум: https://calendar.app.google/r4megUzg6dFeDgmL9, секция №1: https://calendar.app.google/r4megUzg6dFeDgmL9)