Үлгүлүү жүрүш-турушум-коомго кошкон үлүшүм

2024-11-20 03:43:50 34

2024-жылдын 18- ноябрында финансы-юридикалык колледжинин 1- курстарынын студент кыздарына адеп-ахлактык тарбияны жолго коюну ишке ашыруу максатында «Үлгүлүү жүрүш-турушум-коомго кошкон үлүшүм» деген темада жыйын өтүлдү. Жыйынга колледждин окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматали уулу Айсабек, иш-чаранын спикерлери ОшМУнун педагогика, музыка жана журналистика институтунун «Жалпы психология» кафедрасынын улук окутуучусу, п.и.к. Сабирова Махабат Мийзамовна жана теология бөлүмүнүн окутуучусу, магистр Мамадалиев Иззатилло Шүкүралиевич катышып, кыздарга таалим- тарбия багытында жана жаш өспүрүм кыздардын психологиясынын өзгөчөлүгү боюнча кеңири маалыматтарды беришип, коомдогу кыздардын орду жана коомго кошкон салымдары боюнча акыл – насаат сөздөрүн айтышып, кеңештерин беришти жана жолугушуунун жүрүшүндө студент кыздар кызыккан суроолоруна жооп алышып, ыраазычылыктарын билдиришти. Жолугушуу окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Акматали уулу А. жана аялдар кеңешинин төрайымы Шарип кызы А. тарабынан уюштурулду.