БЭжС бөлүмүндө конок лекция

2024-11-20 07:19:07 25

Бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүндө 14-ноябрь күнү ЖЧК “Метод Актива” окуу борборунун окутуучусу Мойдунова Эркинай аталган бөлүмдөгү адистиктер үчүн “Эмгек акынын эсеби жана учурдагы салыктык сайттар”- деп аталган теманын алкагында лекция өттү. Лекция учурунда он-лайн форматта кантип отчетторду тапшырууну жана ишканада эмгек акыны эсептөө жана анын отчеттуулугун сайт аркылуу тапшырууну көрсөтүп берди. Студенттер түшүнбөгөн суроолорун берип, жооп ала алышты. Конок лекциянын уюштуруучулар М.Бакашов жана А.Стамбекова болду.