ФБИ БӨЛҮМҮНДӨ КОНОК ЛЕКЦИЯ

2024-11-21 04:58:53 32

2024-жылдын 13-ноябрь куну «Экономикалык теория» дисциплинасы боюнча экономика жана бухгалтердик эсеп агымынын 2-курстарына “Макроэкономикалык көрсөткүчтөр” деген темада бөлүмдүн окутуучусу Сооронбек кызы Толкунай тарабынан конок лекция уюштурулду. Лекциянын коногу ОшМУнун Экономика, бизнес жана менеджмент институтунун финансы жана кредит кафедрасынын доценти Исманалиев Курманбек Искандарович болду. Лекцияда КРнын акыркы жылдардагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, жумуш орундарынын тузулуп жаткандыгы,, инвестициялык абалы боюнча кенири маалыматтар берилип, студенттер тарабынан берилген суроолор менен коштолду.