Мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу жана билим сапатын жакшыртуу

2024-11-21 05:03:06 24

Окуу жайлар аралык байланышты бекемдөө, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана тажрыйба алмашууну өркүндөтүү максатында өткөрүлүп жаткан иш-чаранын алкагында ОшМУнун Финансы жана юридика колледжинин БЭжС бөлүмүнүн окутуучулары Файзуллаев Б.Ж. жана Абдираимова Б.К. Ош көп профилдүү колледжинин 3-курстун студенттерине "Ишкананын каржылык абалын талдоо" деген темада конок лекция өтүштү.Лекция суроо-жооптор менен улантылды.Мындай тажрыйба алмашуулар билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун негизи.