2024-12-05 09:42:35 23
2024-жылдын 20-ноябрь күнү 2-сменанын 1-парасында (13:20:14:50) финансы-юридикалык колледжининин "Укук таануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү" бөлүмүнүн окутуучусу Арстанбаева Гулизат Курманбековна мамлекет жана укук теориясы дисциплинасынан "Укук чыгаруу процесси" темасы боюнча ачык сабак өттү. Сабактын башталышында мээ чабуулуу жана аягында бышыктоо студенттерге Google формада тест менен жүргүзүлдү.Сабактын жүрүшүндө окутуучу презентация аркылуу укук чыгаруунун теориялык негиздерин айтып, практикалык бөлүгүндө мыйзам чыгарууга тиешелүү документтердин түзүлүү тартибин үйрөттү.Сабакка эксперт катары бөлүм башчысы ю.и.к.,доцент Орозбаева А, окутуучулар Жуматаева Р, Ыдырысова С, Шерматова Ж, Базарбаева М,Адылбекова М, Таджибаева Н катышышты.