2024-12-11 07:34:23 89
ОшМУнун Финансы-Юридикалык колледжинин Укуктаануу жана укук коргоо ишмердүүлүгү бөлүмүнүн окутуучусу А. Х. Зайиров жана УКК2-24 тайпасынын студенттери Ош облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулган " Укуктук коом - өнүккөн өлкө" аталышындагы форумга катышышты. Форумдун жүрүшүндө укук бузуулардын түшүнүгү, алардын алдын алуу иштери жөнүндө кеңири маалымат алышты. Укук бузуу менен күрөшүүнү ИИО, КРнын УКМКнын, КРнын Прокуратурасынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Диний уюмдардын жер жерлердеги өкүлчүлүктөрүнүн биргеликтеги аракеттерине күбө болушту.