2024-12-11 08:00:54 95
2024-2025-окуу жылында ОшМУнун ОСМКБ тарабынан уюштурулуп жаткан “Мыктылар” конкурсуна даярдыктар болууда. 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында бөлүм, ПЦКларда уюштурулган конкурстардын жыйынтыгында, ФЮКтун деңгээлинде уюштурулуучу “Мыктылар” конкурсуна төмөндөгү окутуучулар тандалып алынды: Заманбап лектор: УТУКИ бөлүмүнөн Мавлянова Хуршида Муратовна; Заманбап окутуучу: УТУКИ бөлүмүнөн Митиева Марсияна Курманалиевна, БЭжС бөлүмүнөн Стамбекова Айнуска Нурланбековна, ТТ ПЦКсынан Кудайберди кызы Зейнегүл; Педагогикалык дебют: УТУКИ бөлүмүнөн Арстанбаева Гулизат Курманбековна, ФжБи ПЦКсынан Аринова Акмарал Курсанбековна; Заманбап СӨАИ чебери: ТТ ПЦКсынан Камбар кызы Жыпар ФЮКтун денгээлинде өтүлө турган “Мыктылар” конкурсунун 2-туруна атайын комиссиялык состав түзүлүп, бекитилди. 2-тур 2025-жылдын февраль - март айларында өткөрүлөт. Конкурсту көзөмөлдөө ФЮКтун ОМК төрайымы, э.и.к. Ж.К.Райимбердиеванын жетектөөсү менен жүргүзүлөт.