БЭжС бөлүмүндө конок лекция

2024-12-11 08:14:51 75

2024-жылдын 4-декабрь куну «Бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы уюмдар менен эсептешүүлөр» дисциплинасы боюнча экономика жана бухгалтердик эсеп, салык жана салык салуу агымдарынын 3-курстарына “ Электрондук салык отчеттуулугу, ЭСФЛ жана ЭТТН ” деген темада БЭжС бөлүмүнүн башчысы Маманова Ырысгул Абдылдаевна жана окутуучусу Кылычбек кызы Мадина тарабынан конок лекция уюштурулду. Лекциянын коногу Мамлекеттик салык кызматынын ош шаары боюнча башкармалыгынын “Салык төлөөчулөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору” Эрмекбаев Абай Эмильжанович жана Абдырай уулу Асылбек болду. Лекцияда КРнын акыркы жылдардагы салыктык көрсөткүчтөрү,азыры мезгилдеги актууалдуу болуп жаткан электорндук салык отчеттуулуктары, электорндук салык системаларында салык төлөчүлөргө женилдетүүлөр берилип жаткандыгы, мамалекеттик бюждеттик-салык саясаттынын абалы боюнча кенири маалыматтар берилип, студенттер тарабынан берилген суроолор менен коштолду.