2024-12-12 04:10:57 96
ФЮКта 2024-жылдын 11-декабрында алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча семинар болуп отту. Семинарды ФЮКтун директору, э.и.к., доцент Н.Ж.Исаков ачып берди. ФЮКтун окуу-усулдук иштери боюнча жооптуусу, э.и.к. Ж.К.Райимбердиеванын демилгеси менен уюштурулган семинар жандуу, кызыктуу болуп, суроо-жооптор, талкуулар менен коштолду. Семинарды 2023-2024-окуу жылындагы “ОшМУнун заманбап лектору – 2024”, “Заманбап СӨАИ чебери - 2024” конкурстарынын жеңүүчүлөрү Чыныкеева Г.Э. "Гуманитардык багытта окутууда жаңы технологияларды жана жасалма акылды пайдалануу”, Сейитказыева Г.И. "Жасалма интеллектти пайдаланып окуу тапшырмаларын түзүү" жана Мирзаева М.Р. “Чыгармачыл химиялык эксперимент. Өзгөчө кырдаалдарда химиялык эксперимент аткаруу”, Асанбек кызы К. “Анатомия сабагында СӨАИни жүргүзүү” деген темаларда өтүштү. Эжекелерге ден-соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!