УТ жана УКИ адистиктеринин студентти ОИИБнын ачык эшиктер күнүндө болуп кайтышты

2024-12-16 04:35:43 63

13-декабрь күнү дуалдык билим берүүнү ишке ашыруу максатында ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин Укук таануу жана укук коргоо иши бөлүмүнүн окутуучулары Д. Т. Кожакунова, А. Х. Зайиров, А. А. Абдылдаева, А. Ж. Жээнбаева, М. М. Базарбаевалар, Чолпонбаева С укук таануу жана укук коргоо иши адистиктеринин 1-2- курстарынын студенттерин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан " Ички иштер органдарынын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү өзгөчөлүктөр жана көйгөйлөр" аттуу Ачык эшик күнүнө алып барышты. Иш-чараны Ош ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги Нурланбек Орозматович ачып, студенттерге бекем ден-соолук, окууларында ийгиликтерди жана келечекте өлкөбүзгө ак кызмат кылган кадрлар болушун каалап, ИИОнын кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердиги, алар үчүн түзүлгөн шарттар, кылмыштуулуктун алдын алуу, аны менен күрөшүүдө колдонулган материалдык техникалык жабдуулар менен тааныштыруулар болоорун белгиледи. Андан ары тийиштүү жетекчилер алдын ала бекитилген план боюнча ар бир бөлүмдөр боюнча маалымат беришип, соңунда атайын кызматтын өкүлдөрү терроризм, наркомания, майда кылмыштар ж.б. боюнча лекцияларды окуп беришти. Ачык эшик күнү жагымдуу маанайда өтүп, Ош ОИИИБнын кызматкерлери дагы да болсо студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга даяр экенин билдиришти.