2024-12-23 16:32:17 80
УТ жана УКИ бөлүмүндө конок лекция болуп өттү. Финансы-юридикалык колледжинин "Укук таануу жана укук коргоо иши" бөлүмүнүн окутуучусу Г. Абдрахманова тарабынан 2024-жылдын 12-декабрь күнү "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун негиздери" дисциплинасынан Укук коргоо адистигинин студенттерине " Жол кыймылы чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар" аттуу темада конок лекция өтүлдү. Конокто Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын кесиптик даярдык боюнча тобунун улук инспектору милициянын майору Макамбаев Сталбек Вазибекович болду. Лекция учурунда студенттерге жол эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жаны мыйзамдар жөнүндө түшүнүктөр берилип, студенттер менен талкуу жүргүзүлдү.