Табият таануу ПЦКсында ачык сабак.

2025-01-07 14:42:42 343

Табият таануу ПЦКсынын окутуучусу А.Р. Апишова 2024 - жылдын 27-ноябрында МДс 9 – 2- 24 группасына Химия предметинен «Бир негиздүү чектүү карбон кислоталары» деген темада ачык сабак өттү. Окутуучу бул сабакты өтүүдө салттуу методдор менен катар эле, окутуунун заманбап методдорун да колдонду. Ал өзүнүн сабагын баштардан алдын студенттер арасында жагымдуу маанай түзүп алды. Себеби көӊүлдүү отурган студент сабакты жакшы түшүнүүгө аракеттенет. Андан ары өтүлгөн теманы бышыктады жана жаңы материалды жеткиликтүү түшүндүрүп берди. Темага тиешелүү проблемалуу суроолорду берүү менен студенттердин ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө аракет кылды. Ошондой эле студенттерге жаңы материалды жеткиликтүү түшүндүрүү үчүн видео тасмаларды көргөздү. Мунун натыйжасында өтүлгөн сабак эффективдүү болуп, убакыт да рационалдуу пайдаланылды. Мындан сырткары, студенттер топторго бөлүнүшүп, өз алдынча иштерди аткарышты. Окутуучу өтүлгөн тема боюнча лабораториялык тажрыйбаларды демонстрациялап көргөздү. Муну менен ал окуу материалынын мазмунун студенттерге терең ачып берүүгө жетишти. Ачык сабакка ПЦКнын окутуучулары Беккулов Мурзакарим, Мамытова ДЖамиля, Нурмамат кызы Нургул катышышты