2025-01-08 11:09:56 329
12-декабрь күнү Адабият күнүнө карата жана БДК-11-1-23 тайпасынын куратору окутуучу Чолпонай Муратова түзүлгөн иш планына ылайык кезектеги куратордук саатты жаратман жаштардан куралган “Жигер” чыгармачылык жаштар борбору менен биргеликте өткөрдү. Бул саамалыкка “Жигер” чыгармачылык жаштар борборунун директору Дүйшөнбек Бектемир уулу, “Нур” студенттердин коомдук-маданий гезитинин башкы редактору Саматулла Маматкары уулу катышты. Мында жаштарга өз кесибин так аткарган адис эле эмес, эң алды менен алар кыргыз дүйнөсүндөгү салтты, наркты, тарыхты, адабиятты терең өздөштүргөн азыркы глобалдуу дүйнөнүн чакырыктарына, ылдамдык менен өнүгүп жаткан технологияларга сереп салып, аалмга Айтматовдой залкарды берген уюткулуу элдин Туу көтөрүп, намыска жарай турган келечектеги коомдун кыймылдаткыч күчү экендиги жөнүндө ойлор айтылды. Экинчи бөлүктө улук окутуучу Бермет Закирова борбордун жалпы мүчөлөрү үчүн “В2 денгээлинде сүйлөө көндүмдөрүн калыптандыруу” деген аталышта лекция өттү. Лекцияда эл алдында туура сүйлөө, интоннацияларды туура колдоно билүү, сүрдү жеңүү жана коммуникациялык көндүмдөрдү калыптандыруу жөнүндө маалыматтар айтылды. Бул иш чара окутуучу Ч.К. Муратованын уюштуруусу жана “Жигер”ЧЖБнын колдооосу менен болуп өттү