2025-01-15 07:47:18 321
Физика-математика ПЦКсынын окутуучусу Туленбаева Рамина 2024-жылдын 16-декабрь күнү ЭАББП колледжинде АЯс9-2-24 тайпасына “Математика” предметинен “Функциянын сыналуучу чекиттери жана экстремумдары” деген темада ачык практикалык сабак өттү. Сабактын башталышында мээ чабуулуу, Learningapps программасында графиктин өсүү, кемүү аралыгын табуу жана аягында бышыктоо студенттерге командада мисалды иштөө жүргүзүлдү. Сабактын жүрүшүндө окутуучу презентация аркылуу критикалык чекиттерди табууну аны графикте жайгаштыруунун алгоритмин үйрөттү. Ачык сабакка ФМ ПЦКсынын окутуучулары Билал кызы Чынара, Тойчуева Айгерим, Бекиева Малика катышышты. Ачык сабак талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды. Студенттер үчүн жеткиликтүү усулдар колдонулду жана сабак максатына жетти.