Конференция

2014-03-13 14:47:00 302

ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинде “Педагогдор менен ата-энелердин кызматташуусу-учурдун талабы” деген аталыштагы ата-энелер конференциясы болуп өттү. Конференцияга ОшМУнун жогорку окуу жайга чейинки департаментинин директору, ф-м.и.к. Омаралиев Абдималик Чырмашович, окутуучулар, студенттердин ата-энелери жана чакырылган коноктор катышышты. Конференцияны ФЮКтун директору, п.и.к., доцент Т. Акматова ачып берди. Өз сөзүндө “Азыркы мезгилде өсүп бара жаткан жаш муунду туура тарбиялап, билим берип, жол көрсөтө турган ата-энелер, андан кийин педагогдор. Ошондуктан ата-энелер менен педагогдор кызматташып, пикир алышып, балдардын жаркын келечеги үчүн биргелешип иш алып баруусу зарыл деп ойлойбуз. Бүгүнкү конференциябыздын да негизги максаты ушунду турат” деп келген ата-энелерге конокторго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле университеттин, колледждин жетишкен ийгиликтери жөнүндө маалымат берди жана слайд көрсөттү. ЖББДКИ кафедрасынын башчысы, доцент Г. Анарбаева “Педагогдор менен ата-энелердин кызматташуусу-учурдун талабы”, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, улук окутуучу А.Маликов “Окутуунун кредиттик технологиялар системасынын өзгөчөлүктөрү”, студенттердин ата-энелеринен Өзгөн районундагы “Курманжан датка” орто мектебинин мугалими М.Мойдунова “Өз ара кызматташууда ата-эненин ролу” деген темаларда баяндамалар окулду. Келген конокторго окутуучулар жана студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды. Концерттик программанын соңунда конокторго, ата-энелерге атайын кофе - брейк уюшулду. Конференциянын иши андан ары Финансы жана банк иши, Бухгалтердик эсеп жана салык, Укук таануу, ПОВТАС аталыштарда секциялык отурумдар жүрүп, жыйынтыгында резалюция кабыл алынды. Конференция аяктаган соң ата-энелер колледждин жамаатына ыраазычылык билдиришти жана ушундай иш чараны жылына өткөрүп турууну суранышты. Колледждин жамааты студенттердин ата-энелерине атайын транспортторду уюштуруп ОшМУнун башкы корпусуна саякатты уюштурушту. Башкы корпуста ОшМУнун 75 жылдыгына арналган музейин көрүштү, андан кийин көз карандысыз тестирлөө борборуна барышып электрондук зачетка, электрондук ведомость жана башка ушул сыяктуулар менен ректордун жардамчысы Артур Тургунбаев тааныштырды. Электрондук библиотека, Конфуций институту ата-энелер үчүн кызыгууну туудурду. ОшМУда жаралган ийгиликтерди көрүшүп университеттин ректору, профессор К. А. Исаковко ата-энелер ыраазычылыктарын билдиришти.