2025-12-02 03:33:12 22
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жана академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү максатында, 2025–2026-окуу жылдын 25-ноябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Улуттук университетинин Гуманитардык-табигый илимдер факультетине Ош МУнун Финансы-юридикалык колледжинин бухгалтердик эсеп жана салык бөлүмүнүн окутуучусу Касымбекова Жумагүл Токтобаевна «Салык жана салык салуу» сабагынан «Кыргыз Республикасындагы салык системасы жана анын экономикадагы ролу» темасында конок лекция өтүп берди. Студенттер активдүү катышып, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүштү.