Финансы жана банк иши бөлүмүндө академиялык мобилдүүлүк

2026-02-23 09:13:26 4

2026-жылдын 11- февралында Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучулары Г.А. Каримова, Ч.К. Муратова жана Т. Сооронбек кызы академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжине иш сапар менен барышты. Иш сапардын алкагында конокторду Гуманитардык-экономикалык колледждин жетекчилиги жана жамааты жылуу тосуп алды. Жолугушууга колледждин директору, PhD, доцент Улан уулу Авакан, директордун окуу иштери боюнча орун басары Т.Т. Төлөнов жана Эсеп-каржы сабактар кафедрасынын башчысы Г.И. Топчубаева катышты. Эркин пикир алышуу форматында өткөн бул жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдоо жана окутуунун заманбап стандарттары талкууланды. Окутуучулар ЭАУнун илимий иштер боюнча проректору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Т.Т. Омошев менен да жолугушту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап келечекте биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана академиялык мобилдүүлүктү үзгүлтүксүз улантуу боюнча макулдашууларга жетишти. Жалпысынан алганда, бул иш сапар жогорку уюшкандыкта өтүп, конструктивдүү мүнөздө болду. Катышуучулар үчүн бул сапар жаңы методикалык усулдарды өздөштүрүүгө жана кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө чоң өбөлгө түздү. Санариптештирүү багытындагы сунушталган конкреттүү ыкмалар окуу жараянынын натыйжалуулугун арттырууга багытталган маанилүү кадам болуп калды.