2026-03-09 04:18:15 17
2026-жылдын 5-мартында Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинде 3-март - Туу күнү, 5-март - Ак калпак күнү жана 8-март - Эл аралык аялдар күнүнө карата «Улуттук нарк - мекенчилдиктин негизги булагы, салт-санаа - тарбиянын өзөгү, аялзат - коомдун руханий тиреги» аттуу студенттер аралык тарбиялык маданий иш-чара тарых претметинин мугалимдери Маматов А, Анарбаева Д, Бадалова К, Токторова Н, Рыскулова Кадича эжекелер тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты - жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо, ата-бабадан калган салт-санааларды сактоо жана өнүктүрүү болду. Иш-чараны Финансы-юридикалык колледжинин директору, ю.и.к. Адыл Көчкөнбаевич Эргешов ачып берди. Ал өз сөзүндө мамлекеттик символдорду урматтоо, улуттук салт-санааларды сактоо жана ак калпактын орду кыргыз коомунун маанилүү баалуулуктары экендигин баса белгиледи. Иш-чаранын «Мекен - ыйык түшүнүк» аттуу бөлүгүндө коомдук илимдер жана АЧД ББ ПЦКсынын окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Абдыкерим Маматов «Кыргыз туусу - улуттун сыймыгы» деген темада баяндама жасады. «Салт - улуттун өзөгү» бөлүгүндө ушул эле циклдын окутуучулары Д.Анарбаева "Улуттук кийим-маданий иденттүүлүктүн белгиси" жана К. Рыскулова «Ак калпак - кыргыз элинин улуттук сыймыгы» деген темаларда баяндама жасашты, улуттук кийимдер кыргыз элинин тарыхындагы жана маданиятындагы ордун белгиледи. Ошондой эле студенттер тарабынан «Ата мурасы» аттуу сахналаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, ата-бабадан калган салттарды урматтоо жана сактоо идеясы чагылдырылды. Иш-чаранын акыркы «Аял - өмүрдүн башаты» аттуу бөлүгүндө коомдук илимдер жана АЧД ББ ПЦКсынын окутуучусу Н. Токторова «Ак жоолук - аялзатынын улуулугу жана даанышмандыгы» деген темада баяндама жасап, аялзатынын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу кеңири токтолду. Жыйынтыгында өткөрүлгөн иш-чара студенттердин мекенчилдик сезимин күчөтүп, улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматын арттырууга жана аялзатына болгон терең урмат-сыйды даңазалоого өбөлгө түздү.