Юридикалык клиникалык билим берүү: практика, технология, укуктук аң-сезим

2026-03-10 02:51:29 19

2025-жылдын 26–27-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында, Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинин алкагында Юридикалык клиниканын 25 жылдык мааракесине арналган “Юридикалык клиникалык билим берүү: практика, технология, укуктук аң-сезим” аттуу эл аралык конференция өттү. Бул маанилүү иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Финансы-юридикалык колледжинен Укук таануу жана укук коргоо иши бөлүмүнүн башчысы жана окутуучулар — А. К. Орозбаева, Р. Т. Жуматаева, Г. Н. Орозбаева, А. Ж. Жээнбаева жана Ж. Р. Шерматова, Х. М. Мавлянова — барып, активдүү түрдө катышып келишти. Конференция юридикалык клиникалык билим берүүнүн заманбап ыкмалары, студенттик практиканы өркүндөтүү, укуктук маданиятты жогорулатуу багытында эл аралык тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түздү.