Кыргыз педагогикалык мурастары жана дуйнолук тажрыйба

2026-03-28 08:08:05 8

2026-жылдын 25-мартында А.Мырсабеков атындагы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Университетинде «Кыргыз педагогикалык мурастары жана дуйнолук тажрыйба» аталышындагы студенттердин аймактык илимий- теориялык конференциясы болуп өттү. Бул конференцияга ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин УКР7-25 тайпасынын студенти Тажибаева Акбийке «КИ жана АЧД ББ» ПЦКсынын окутуучусу Д.М.Анарбаева тарабынан даярдалып катышып келди. Конференциянын иши төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү: 1. Кыргыз педагогикалык мурастарынын тарыхый жана теориялык негиздери; 2. Дүйнөлүк педагогикалык тажрыйба жана билим берүү системасындагы инновациялар; 3. Билим берүү тармагындагы психологиялык аспекттер жана инсанды калыптандыруудагы педагогикалык мурастардын ролу; 4. Кыргыз тили жана адабияты, филология тармагындагы изилдөөлөр жана алардын педагогикалык мааниси; 5.Музыкалык билим берүү жана анын тарбиялык-педагогикалык мүмкүнчүлүктөрү; 6. Заманбап билим берүү технологиялары жана окутуунун эффективдүү ыкмалары; Студент конференциянын секциялык иштерине активдүү катышып, «Билим берүүдөгү инновациялар жана окутуунун эффективдүү ыкмалары» деген тема боюнча баяндама жасап, берилген суроолорго илимий негизде жооп бере алды. Баяндаманын актуалдуулугу жана мазмуну үчүн Сертификат менен сыйланды