ОшМУнун студенттери жаза аткаруу мекемесинде дуалдык сабакка катышты

2026-04-02 08:59:20 21

Укук коргоо адистигинин 3-курстун студенттер үчүн «Жазык-аткаруу укугунда адвокатуранын ролу жана соттолгондорго көрсөтүлүүчү укуктук жардам» деген темада тажрыйбалуу адис тарабынан конок лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге адвокаттык иштин практикалык аспектилери, соттолгондордун укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрү жана кесиптик этиканын мааниси тууралуу терең маалымат берилди. Лектор өз иш тажрыйбасындагы реалдуу мисалдар менен бөлүшүп, укуктук жардам көрсөтүүнүн татаал жана жоопкерчиликтүү учурларына токтолду. Бул жолугушуу студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга жана келечектеги кесиптик багытын так аныктоого чоң өбөлгө түздү. Катышуучулар төмөнкүдөй маанилүү багыттар боюнча маалымат алышты: •Соттолгондорго квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби; •Адвокаттын жазык-аткаруу тутумундагы укуктук макамы; •Коргоочунун кесиптик жоопкерчилиги жана жарандык позициясы. Мындай форматтагы иш-чаралар жаш адистердин кесиптик дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана билим берүү тармагы менен практикалык юриспруденциянын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Бул иш чара Укук таануу жана укук коргоо ишмердуулугу болумунун окутуучусу М. Ибрагимова тарабынан уюштурулду.