Заманбап коомдогу өзгөрүүлөр жана жаштардын ролу

2026-04-14 06:57:02 7

2026-жылдын 10-апрель күнү Финансы-юридикалык колледжинин 1-2-3-курстарынын студенттеринин арасында "Заманбап коомдогу өзгөрүүлөр жана жаштардын ролу" - деген темада дебат өткөрүлдү. Дебатты Коомдук илимдер жана АЧДББ циклынын окутуучусу Бадалова К.Э, Укук таануу жана Укук коргоо ишмедүүлүгү бөлүмүнүн окутуучусу Абдырахманова Г.А. жетекчиликке алды. Дебатта 1-орунду "Нокаунт",2-орунду "Аристократ", 3-орунду "Кипр" командалары камсыздашты. Жалпы сегиз команда команда катышышты. Дебаттын негизги максаты: Аналитикалык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү, интелектуалдык деңгээлди өстүрүү жана студенттер арасында ынтымак достукту бекемдөө болду.