ФБИ бөлүмүнүндө мобилдүүлүк

2026-05-18 04:15:28 10

Окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында , финансы-юридикалык колледжине 2026-жылдын 23-апрель күнү Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономикалык колледжинин “Менеджмент жана экономика” циклынын башчысы, доцент Саидкамолов Умиджан Сабиржанович Банк иши, Салык салуу адистигинин студенттери менен биргеликте мобилдүүлүккө келишип тажрыйба алмшышты. Мобилдүүлүккө келген студенттерди ФЮКтун дирекциясы жана ФБИ бөлүмүнүн окутуучулары жылуу тосуп алышты. Финансы-юридикалык колледжине жана Экономика бизнес жана менеджмент институтуна экскурциялар уюштурулуп, конок лекциялар өтүлдү. Окуу жай боюнча кенен маалыматтар берилди. Окуу жайлар ортосундагы мындай кызматташтык мындан ары да улантыла тургандыгы белгиленди. Мобилдүүлүктү уюштурган Финансы жана банк иши бөлүмүнүн башсысы,доцент Абдрахманов Оёнбек Эмилович, окутуучусу Таабалдиева Гулзина Абдырахмановна.