2026-05-18 04:20:30 9
Окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашуу максатында, финансы-юридикалык колледжине 2026-жылдын 23-апрель күнү Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономикалык колледжинин “Менеджмент жана экономика” циклынын башчысы, доцент Саидкамолов Умиджан Сабиржанович Банк иши, Салык салуу адистиктеринин студенттери менен мобилдүүлүккө келишип, тажрыйба алмшышты. Мобилдүүлүккө келген студенттерге Финансы жана банк иши бөлүмүнүн окутуучулары Муратова Чолпонай Каримовна “Ишкананын экономикасы” дисциплинасынан “Ишкананын инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүгү” Таабалдиева Гулзина Абдырахмановна “Менеджмент” дисциплинасыннан "Мотивация көзөмөл жана координация (байланыш түзүү)" Сооронбек кызы Толкунай “Ишкананын экономикасы” дисциплинасынан “Ишкананын жүгүртүү каражаттары” темаларында конок лекцияларды өтүштү.Лекциялардын жүрүшүндө теориялык билимдер практикалык мисалдар менен айкалыштырылып, студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга өзгөчө басым жасалды. Жыйынтыгында, бул академиялык мобилдүүлүк программасы студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашуу маданиятын калыптандырууга чоң салым кошту. Окуу жайлар ортосундагы мындай кызматташтык мындан ары да улантыла тургандыгы белгиленди.